Бишкекте «Кара-Кыргыз» тарыхый сериалынын бет ачары өттү

Күн мурун Бишкек шаарындагы Broadway кинотеатрында Кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн 100 жылдыгына арналган «Кара-Кыргыз» аттуу тарыхый сериалдын бет ачары өттү. Бул тууралуу Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлигинен билдиришти.

Аталган долбоор Маданият министрлигинин каржылоосунда, «Кыргызсериал» мамлекеттик мекемеси тарабынан даярдалган.

Белгиленгендей, сериал Мамлекеттик архивдин материалдарына жана тарыхый булактарга таянып тартылды. Анын сюжетинде 1917-1924-жылдардагы тарыхый окуялар көркөм формада чагылдырылып, кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн түзүлүшүнө салым кошкон инсандардын өмүр жолу баяндалат. Алардын арасында Жусуп Абдрахманов, Ишеналы Арабаев, Абдыкерим Сыдыков, Иманаалы Айдарбеков жана Абдыкадыр Орозбеков ж.б. тарыхый инсандар бар.

25 Декабрь 2025 жыл 13:01
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча