Бишкекте республикалык педагогикалык кеңешме өтүүдө

Бүгүн Бишкекте “Доор өзгөрткөн билим: Ийгиликтер. Көйгөйлөр. Мүмкүнчүлүктөр” аттуу республикалык педагогикалык кеңешме өтүүдө.

Иш-чарага агартуу министри Догдуркүл Кендирбаева, министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов, ошондой эле өлкөнүн бардык аймактарынан келген мугалимдер, билим берүү уюмдарынын жетекчилери жана адистери катышууда.

Кеңешменин алкагында билим берүү тармагындагы 2025-жылдагы негизги жетишкендиктер, реформалар, пилоттук долбоорлор, мугалимдердин кесиптик өнүгүүсү жана санариптештирүү багытындагы алгылыктуу иштер талкууланууда.

Ошондой эле мугалимдердин коомдогу ролу, билим сапатын жогорулатуу, окуучулардын потенциалын ачуу маселелери көтөрүлүүдө.

22 Декабрь 2025 жыл 17:21
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча