Бишкекте жаңы жылдык салют атылбайт

Быйыл Кыргызстандын борборунда жаңы жылдык салют атылбайт. Бул тууралуу «Кабар» агенттигине Бишкек мэриясынын басма сөз кызматынан билдиришти.

Муниципалитеттин маалыматы боюнча, 31-декабрда саат 18:00дө «Ала-Тоо» борбордук аянтында ата мекендик артисттердин катышуусунда майрамдык концерт болот. Иш-чара фейерверк атуусуз өтөт.

Белгилей кетсек, буга чейин Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги айлана-чөйрөнү коргоо жана экологиялык коопсуздукту камсыз кылуу максатында жаңы жылдык салюттардан баш тартуу чакырыгы менен чыккан.

30 Декабрь 2025 жыл 16:27
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча