Бишкектеги Ауэзов көчөсүндөгү көпүрөнү реконструкциялоонун алкагында Алматыдан бетон устундар алынып келинди.
Муниципалитеттен билдиришкендей, учурда 24 метр узундуктагы беш устунду орнотуу иштери жүрүп жатат.
Аталган жерде эки көпүрө болгондуктан, 22 устун орнотулушу керек. Калган устундар күн сайын этап менен жеткирилет.
Белгилей кетсек, көпүрөнүн жалпы туурасы 24 метрди түзсө, эки көпүрөнүн тең узундугу 70 метрди түзөт. Жол кыймылы үчүн төрт тилке түзүлүп, жолдун эки тарабына туурасы 3 метрлик тротуарлар курулат.
”Бардык иштер бекитилген график боюнча жүрүп жатат”,-деп айтылат маалыматта.