Бишкектин Орозбеков көчөсүн оңдоо иштери аяктоодо

Бишкек шаарынын Орозбеков көчөсүн оңдоо иштери аяктоо алдында турат.

Муниципалитеттен билдиришкендей, учурда аталган көчөнүн Жибек-Жолу проспектисинен Фрунзе көчөсүнө чейинки бөлүгүндө асфальтбетон аралашмасынын экинчи катмары төшөлүп жатат.

“Жол белгилери орнотулуп, жол чийиндери чийилгенден соң унаа жолу ачылып, тротуарды оңдоо улантылат”, — деп белгилешти мэриядан.

5 Июль 2023 жыл 11:56

Тема боюнча