«Бул парламентпи же нотариалдык органбы?!». Парламентте Айжигитовго сөз бербей коюшту

Бүгүн, 12-мартта ЖКнын жалпы жыйынында депутат Султанбай Айжигитов парламенттин борбордук трибунасынан “Ыйман Нуру” фракциясынан чыгарылышы тууралуу 10 мүнөт сөз сүйлөөгө уруксат сурады.

Ага 20 эл өкүлү “макул”, 14 депутат “каршы” добуш берип жыйынтыгында ага убакыт берилген жок.

“Эми мага сөз да бербейсиңерби? Мыйзам деген барбы? Бул парламентпи же нотариалдык органбы? Уялбайсыңарбы. Мен фракциядан чыгып кеткеним жөнүндө билдирүү кылып коёюн деп атам. Андан башка эч нерсени айтпайм. Чек араны да, башкасын да айтпайм. Эми сөз сүйлөгөнгө да уруксат бербейсиңерби?”, — деди Султанбай Айжигитов.

Парламент төрагасы Нурланбек Тургунбек уулу сунушту экинчи ирет колго салган жок.

Эске салсак, Султанбай Айжигитовду “Ыйман Нуру” фракциясы Кыргызстан менен Тажикстандын чек арасын тактоо боюнча макулдашуу тууралуу билдирүүсүнөн кийин фракциядан чыгарган.

12 Март 2025 жыл 11:19
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча