Чүйдүн Жайыл районунда ок атылды

Чүйдүн Жайыл районунда ок атылды. Шектүүлөр кармалды. Бул тууралуу Чүй ОИИБден билдиришти.

Маалыматка караганда, 6-ноябрда саат 02:30 чамасында Жайылдагы Новониколаевка айылындагы азык-түлүк саткан дүкөндүн жанында топ эркектер уруша кетип, 1995-жылы туулган 1 жана 1994-жылы туулган 2 жаранды сабап, аларга карата травматикалык тапанчадан ок чыгарылган. Алар алган жаракатынан ооруканага жеткирилген.

Аталган факты боюнча ээнбаштык беренеси менен кылмыш иши козголгон. Шектүү катары 1990-жылы туулган 2 жана 1995-жылы туулган жарандар кармалып, камакк алынган. Тергөө уланууда.

9 Ноябрь 2023 жыл 12:15
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча