Дүйнө чемпионаты: Бүгүн балбан Айпери Медет кызы килемге чыгат

Хорватиянын Загреб шаарында өтүп жаткан дүйнө чемпионатынын төртүнчү күнү кыз-келиндер күрөшү менен уланат.

Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинен билдиришкендей, бүгүн кыз-келиндер 50 кг, 57 кг, 65 кг жана 76 кг салмактык категорияларда күч сынашат. Кыргызстандын атынан 76 кг салмак ченинде Айпери Медет кызы килемге чыгат.

Айпери Медет кызы беттешти 1/8 финалдан баштап, түркиялык Элмира Ясин менен таймашат.

Беттештер Бишкек убактысы боюнча саат 14:30да башталат.

16 Сентябрь 2025 жыл 14:04
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча