Депутат Чойбеков дагы мандатынан ажырайбы?

Бишкектин мурдагы мэри Эмилбек Абдыкадыров Борбордук шайлоо комиссиясынан Талас районунан талапкер Бактыбек Чойбековго карата шайлоонун жыйынтыгын жараксыз деп табууну өтүнөт. Бул тууралуу 22-февралда Борбордук шайлоо комиссиясынын жыйынында белгилүү болду.

Абдыкадыровдун өкүлүнүн айтымында, Чойбеков тарабынан парламенттик шайлоодо добуштарды сатып алуу фактысы аныкталган. Жакында эле эки инстанциядагы соттор чыгарган сот актыларынын көчүрмөлөрү келип түшкөнүн билдиришти. 

Борбордук шайлоо комиссиясынын төрайымы Нуржан Шайлдабекова белгилегендей, соттун чечиминде арыз ээси тергөө учурунда көрсөтмө берүүдөн баш тарткан.

22 Февраль 2024 жыл 17:10
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча