Индиянын түндүк-чыгышындагы Ассам штатында суу ташкынынан каза болгондордун саны 82ге жетти, деп Казинформ Anadolu агенттигине шилтеме берип жазды.
Ассам штатынын кырсыктарды башкаруу башкармалыгынын маалыматына караганда, суу ташкынынан 200 миңден ашык тургун жабыркаган.
Ассамдын башкы министри Химанта Бисва Сарма кырдаал акырындык менен жакшырып баратканын жана айрым жабырлануучулар үйлөрүнө кайтып келе баштаганын белгиледи. Ал калыбына келтирүү иштери жүрүп жатканын да айтты.
Ошол эле учурда, Индиянын түштүгүндөгү Керала штатында бир нече күн бою нөшөрлөгөн жаан-чачын дагы суу ташкынына алып келди. India Today агенттигинин маалыматы боюнча, сегиз адам каза болуп, дагы сегиз адам дайынсыз жоголуп, издөө-куткаруу иштери уланууда.
Табигый кырсык миңдеген тургундарды үйлөрүнөн качууга аргасыз кылды.
