Камчаткадагы жер титирөөдөн кийин Ключевской вулканы атылып баштаганы айтылды

Камчатка крайында болгон 8,7 баллдык күчтүү жер титирөөдөн кийин Ключевской вулканы атылып баштады. Бул тууралуу Россия Илимдер академиясына таянып РИА Новости билдирди.

Өткөн жумада куткаруучулар вулкандардын активдүүлүгү жогору болгондуктан, Ключевской вулканына барбоону сунушташкан.

Деңиз деңгээлинен 4850 метр бийиктикте жайгашкан бул вулкан Усть-Камчатка районунда жайгашкан. Ал акыркы жолу 2025-жылдын апрель айында атылган.

31 Июль 2025 жыл 9:18
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча