Келген коноктордун жана жергиликтүү элдин ыңгайлуулугу менен жол кырсыгын алдын алуу максатында «Каракол» тоо лыжа базасына барчу жол тынымсыз тазаланып, инерттик материалдар себилүүдө.
Транспорт жана коммуникациялар министрлигинен билдиришкендей, жумуштар «Кыргызавтожол-Түндүк» мамлекеттик ишканасынын № 11 Жол тейлөө мекемесинин кызматкерлери тарабынан аткарылып жатат.
Эске салсак, «Каракол» тоо лыжа базасынын жолу 2023-жылы Транспорт министрлигинин балансына өткөрүлүп берилген.
«Министрлик жети дубанда жайгашкан жаратылышы кооз жерлерге жете турчу жолдорду оңдоо жана тазалоо иштерине өзгөчө көңүл буруп келет»,-деп айтылат маалыматта.