26-июлда Атырау шаарынын №2 сотунда “адамды кыйнады” деп шектелген беш полициячынын иши боюнча кезектеги сот отуруму өттү. Сотто прокурор айыптоо актысын окуду.
Бул иш боюнча сот 11-июлда башталган. Кыйноо боюнча жергиликтүү тургун Руслан Куанышкалиев арыз менен кайрылган. Анын айтымында, өткөн жылдын февраль айынын башында полиция кызматкерлери аны үйдөн күч менен алып чыгып, башка адамдын денесине залал келтиргенин моюнга алууну талап кылышкан. Куанышкалиев өзүнө коюлган айыпты четке каккан.
Тергөө материалдарына ылайык, полиция кызматкерлери кармалган жарандын башына баштык кийгизип, муунтуп, сабап, психологиялык жана моралдык басым көрсөткөн.
Соттук-медициналык экспертиза Куанышкалиев жеңил жаракат алганын аныктаган.
Айыпталып жаткан мурдагы полициячылар күнөөнү моюндарына алган жок. Алардын төртөө жетекчиликтин буйругу менен иштен алынса, бирөө «өз каалоосу менен» бошотулган. Айыпталгандардын экөө үй камагында, дагы үчөө эч жакка чыкпоо тилкаты менен бошотулган.
Руслан Куанышкалиев келтирилген моралдык зыяндын ордун толтуруу үчүн айыпталуучулардан бир миллион теңгеден (2 250 доллардан) өндүрүп берүүнү талап кылууда.
Эл аралык уюмдар Казакстандын укук коргоо кызматкерлери кармалгандарга, камакка алынгандарга жана кылмыш жазасын өтөп жаткандарга карата кыйноолор колдонулуп жатканын байма-бай билдирип келет.
Казак бийлиги бул көйгөйдү жарым-жартылай моюнга алып, бирок аны жоюу үчүн жигердүү иштеп жатканын айтат.