Казакстанстандын Жамбыл облусунун Кордай районунун ортосунда 100-150 унаа Кыргызстанга өтө албай турат. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди.
Кечээ Алма-Ата –Ташкент (чакырымы такталууда) унаа жолунда кар күрткү пайда болуп, унаа жолу жабылган.
Алдын ала 112 кызматына келген маалымат боюнча, Алга айылы менен Кордай айылынын ортосунда 100-150дөй унаа жүргүнчүлөрү менен Кыргызстан тарапка өтө албай калган. Казакстандын Өзгөчө кырдаалдар департаменти тарабынан 99 куткаруучу жана 37 оор техника тартылган.
Бүгүн жол тыгында калып калган жарандарды чыгарууга көмөктөшүү максатында Кыргызстандан 39 куткаруучу, 5 оор техника, 1 Ниссан Пикап, 2 кар унаасы (снегоход) жана керектелүүчү шаймандар менен саат 03:05те Ак-Жол чек ара постуна чыгып, саат 08:15те Казакстандын аймагына киришти.