Кыргызстанда садага-битир берүүнүн тартиби жана өлчөмү бекиди

Кыргызстанда садага-битир берүүнүн тартиби жана өлчөмү бекиди.

Дин башкармалыктан билдиришкендей, буудай, ун, мейизден 1 килограмм 600 грамм, ал эми арпа жана курмадан 3 килограмм 200 грамм же алардын акчалай наркы менен берүү керек.

Садага-битирдин өлчөмү төмөнкүдөй бекитилди (учурдагы баа менен):

— Буудай — 80 сом (1,6 кг);

— Ун — 128 сом (1,6 кг);

— Мейиз — 1200 сом (1,6 кг);

— Арпа — 288 сом (3,2 кг);

— Курма — 2880 сом (3,2 кг).

«Садага-битир берүүчү адам көрсөтүлгөндүн кайсынысын чыгарса өз ыктыяры. Муктаждардын пайдасы үчүн көбүрөөгүн чыгаруусу абзел”, — деп айтылат маалыматта.

24 Февраль 2025 жыл 9:19
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча