Кыргызстандын мурдагы вице-премьер-министри, КР эмгек сиңирген куруучусу Базарбай Мамбетов каза болду

Кечээ, 22-октябрда Кыргызстандын белгилүү ишмери Базарбай Эстебесович Мамбетов узакка созулган оорудан улам каза болду. Бул тууралуу анын үй-бүлөсү билдирди.
Мамбетов 1948-жылы 6-майда Талас районунун Балбал айылында туулган. Мектепти бүтүргөндөн кийин Москвадагы Куйбышев атындагы инженердик-курулуш институтун жана коомдук илимдер академиясын бүтүргөн.

Ал 1985-жылы Фрунзе шаарындагы Жеңиш аянтынын, Казарман алтын кен комбинатынын, Өкмөт үйүнүн, Ала-Тоо аянтындагы тарыхый музейдин, Ош жана Аламүдүн базарларынын курулушун жетектеген. Бүт өмүрүн курулуш тармагына арнап, Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген куруучусу наамын алган.

1988-жылы Армениянын Спитак шаарындагы катуу жер титирөөдөн кийин шаарды калыбына келтирүү иштерине катышкан.

Вице-премьер-министр болуп, ЕврАзЭС маселелерин жетектеп, Борбордук Азия жана КМШ өлкөлөрү менен соода-экономикалык байланыштарды түзгөн. 2011-2013-жылдары Кыргыз Республикасынын Түркмөнстандагы элчиси болгон.

Базарбай Мамбетов бир канча мамлекеттик сыйлыктар менен сыйланган.

Акыркы жылдары гидроэнергетиканы өнүктүрүүдө, өлкөнүн Борбордук Азиядагы стратегиялык суу-энергетикалык позициясын кеңири жайылтып, Нарын ГЭС каскадын курууну улантууда активдүү катышып келген.

Анын үч баласы жана жети небереси бар.

Базарбай Эстебесович Мамбетовдун үй-бүлөсүнө жана жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтып, аза кайгысын тең бөлүшөбүз.

23 Октябрь 2023 жыл 12:15

Тема боюнча