Кытайда дүйнөдөгү эң бийик көпүрө ачылды

Кытайдын Гуйчжоу провинциясында Хуацзян капчыгайынын үстүнөн өткөн асма көпүрө автожол кыймылы үчүн расмий түрдө ачылды. Көпүрөнүн жүрүүчү бөлүгүнөн алдыда агып жаткан Бэйпан дарыясына чейинки аралык 625 метрди түзөрүн Коммерсант жазды.

Маалыматта белгиленгендей, көпүрөнүн курулушу үч жыл тогуз айга созулуп, долбоордун баасы 2 млрд юаньга (болжол менен 280 млн долларга) жеткен. Ал эми анын жалпы узундугу 2,9 чакырымды түзөт. Жергиликтүү бийликтин билдирүүсү боюнча, жаңы көпүрөнүн курулушу менен капчыгайдын бир тарабынан экинчисине жетүү убактысы “эки сааттан эки мүнөткө” кыскарган.

Ушул эле провинцияда буга чейин эң бийик деп саналган бийиктиги 565 метрди түзгөн Дугэ көпүрөсү жайгашкан. Ал Бэйпан дарыясынын куймаларынын бири агып өткөн капчыгайдын үстүнө курулган. Кытай бийлигинин маалыматына ылайык, дүйнөдөгү эң бийик 100 көпүрөнүн дээрлик жарымы Гуйчжоу провинциясында жайгашкан.

29 Сентябрь 2025 жыл 16:04
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча