Өлкө боюнча мамлекеттик 48 автомектеп ачылды. Бул тууралуу президенттин Иш башкармалыгынын башчысынын биринчи орун басары Бообек Салимжанов «Кабар» агенттигине билдирди.
Анын айтымында, жарандардан өтүнмөлөрдү кабыл алуу үчүн атайын сайт иштелип чыкты.
Салимжанов белгилегендей, өтүнмөлөр avtomektep.srs.kg сайты аркылуу кабыл алынат.
«Сайтка кирип, онлайн же офлайн окуу түрүн тандаш керек. Өтүнмөлөрдү март айына чейин чогултабыз. Андан соң окуулар башталат», — деп айтты ал.
Белгилей кетсек, бүгүндөн тарта өлкөдө мамлекеттик автомектептерге онлайн кабыл алуу жана айдоочуларды даярдоонун жаңыланган программаларын ишке ашыруу башталды.