Өлкөдө 2 жылда дээрлик жарым млн жумуш оруну түзүлдү

Акыркы эки жылда Кыргызстанда жумуш орундарынын саны кыйла көбөйгөнүн министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев бүгүн Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди.

Анын айтымында, 2024-жылы 263 миң 100 жумуш орду түзүлсө, ал эми 2025-жылдын 9 айында 229 миң 200 жумушчу орун түзүлгөн. Белгилегендей, мында мамлекет социалдык коргоо чараларын күчөтүүдө.

«Эки жылдын ичинде айрым бюджеттик кызматкерлердин, дарыгерлердин жана орто медициналык кызматкерлердин маянасы жогорулатылды. 2025-жылдын 10 айынын жыйынтыгы боюнча орточо эмгек акы 42 миң 919 сомду түздү. Бул өткөн жылга салыштырмалуу 19,2%га өстү. Пенсиялардын өлчөмү дагы көбөйтүлдү. Эң төмөнкү пенсия 7 миң 500 сом, орточо пенсия 11 миң 24 сомду түздү», — деди Касымалиев.

Төрага ошондой эле алыскы райондордогу көп балалуу энелерди жана балдарды колдоо үчүн «Бала береке» жана «Келечек салым» программалары ишке киргендигин белгиледи. Аталган программалардын алкагында 3 миң 100 баланын эсеби ачылып, 548 млн 300 миң сом которулган.

24 Декабрь 2025 жыл 12:47
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча