Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Алишер Козуев Саламаттыкты сактоо министрине «өлкө боюнча эмне оору болуп жатат. Сасык тумообу? Анткени азыр ооруканада кезек болуп жатат» деди.
«Азыр сасык тумоонун бир түрү жүрүп жатат. Күнүнө 400 бала катталып жатат«,- деди министр.
Депутат «сасык тумоонун кайсы түрү? Коронавирустун жаңы түрүбү?» деди.
«Бул ковид эмес. Коронавирус боюнча 5 учур эле катталды»,— деди министр.