Акжолдун Олимпиада чемпиону болбой калышына эки күнөөкөр бар. Бул тууралуу спортчунун атасы Мухамед Махмудов Эмир Арстанбек уулунун ютуб каналына берген маегинде билдирди.
“Акжолдун Олимпиада чемпиону болбой калышына эки күнөөкөр бар. Бирөө — мен, бирөө — Мейрамбек (жеке машыктыруучусу Мейрамбек Ахмедов – ред.). Мен көбүрөөк Ошто болуп калып, көзөмөлдү жоготтум, Мейрамбек агай деле ошондой, ал атасы карап жатат деп ойлойт, мен Мейрамбек карап жатат дейм, ошентип… Акжолдун Олимпиадага даяр эмес барып калганынын өтө чоң себеби бар. Ал дене бой, күч жактан даяр болгону менен моралдык-психологиялык жактан даяр эмес экен. Олимпиада кыска убакытта, төрт жылда бир боло турган турнир да, психология чоң роль ойнойт. Акжолдун аң сезиминде Олимпиададан бийик, башка нерселер турган экен. Агайлардын күнөөсү эмес, өзү психологиялык-моралдык жактан даяр болгон эмес. Себептерин кийин билдик. Бирок жакшы себеп, буюрса, аны бир күнү айтып берем”, — деди спортчунун атасы Махмудов.