Мамлекеттик камсыздандыруу уюму жарандарды автокырсыктардан коргоо максатында ОСАГО (автоунаа милдеттүү камсыздандыруу) боюнча атайын сертификаттарды сунуштайт. Бул тууралуу аталган мекеменин маалымат кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, сертификаттардын баасы 3000 сомду түзөт жана жарандар өздөрү үчүн же жакындарына белек кылып алса болот.
Сертификаттын негизги артыкчылыктары:
Жаз айлары майрамдарга бай мезгил болгондуктан, жарандар өздөрүнүн жана жакындарынын коопсуздугун камсыздандыруу үчүн идеалдуу мүмкүнчүлүккө ээ. Мамлекеттик камсыздандыруу уюму сертификаттардын жардамы менен, коомго автоунаалардын камсыздандыруусун жайылтып, жалпы коопсуздукту арттырууну көздөп жатат.
Белек сертификаттарын сатып алуу жана көбүрөөк маалымат алуу үчүн Мамлекеттик камсыздандыруу уюмунун кызмат көрсөтүү кеңселерине кайрылсаңыздар болот.
ОСАГО полиси эмнени камтыйт?
Кайдан камсыздандыруу алса болот?
Биз менен байланышта болуңуз: