«Манас» аэропортунун учуу-конуу тилкесине төшөлгөн асфальттын сапаты текшерилди

«Манас» эл аралык аэропортунун учуу-конуу тилкесине төшөлгөн жаңы асфальт-бетондун сапатына сыноо жүргүзүлдү. Бул тууралуу Курпулуш министрлиги билдирет.

Текшерүүнүн алкагында адистер битумдун жана асфальт-бетондун өзөктөрүнүн үлгүлөрүн алып, аларды физика-механикалык көрсөткүчтөр боюнча кийинки сыноолорго даярдашты.

Жүргүзүлгөн сыноолордун жыйынтыгы боюнча материалдардын сапаты белгиленген ченемдик талаптарга шайкештигин аныктоочу сыноо протоколу даярдалат.

Алынган маалыматтар учуу-конуу тилкесинин ишенимдүүлүгүн жана узак мөөнөттүүлүгүн баалоо үчүн колдонулат, бул анын коопсуз жана узак мөөнөттүү иштешин камсыз кылууга мүмкүндүк берет.

21 Октябрь 2025 жыл 17:15
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча