Мас айдоочулардын айынан катталган жол кырсыктары азаюуда

Кыргызстанда 20-июндан 28-июнга чейинки аралыкта 600 айдоочу мас абалында унаа башкарып бара жатканы аныкталды. Бул тууралуу ИИМдин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын юристи Байказы Айтикул уулу «Кабар» агенттигинин «Элден собол» берүүсүндө билдирди.

Анын айтымында, кармалган айдоочулардын көпчүлүгү жоопкерчиликтин катаалдаштырылгандыгы тууралуу маалыматка ээ болгон. Бирок, ага карабастан, алар тобокелге барып, мас абалында унаа башкарышкан.

«Тартип бузуу фактыларынын көп катталышы ЖКККББ кызматкерлеринин ыкчам иштеринин жыйынтыгы болуп саналат. Негизинен, өлкө боюнча мас абалында унаа башкаруу фактылары эң көп Бишкек шаарында катталат. Бул борбор калаада транспорт каражаттарынын жана жол кыймылына катышуучулардын санынын көптүгү менен байланыштуу. Бирок жоопкерчилик чараларынын катаалдашы менен мас айдоочулардын айынан келип чыккан жол кырсыктарынын азайып жатканы байкалууда. Себеби, жоопкерчилик абдан жогору: айдоочулар айдоочулук укугунан ажырап гана тим болбостон, 80 миңден 100 миң сомго чейин ири суммада айып пул төлөөрүн аңдап түшүнүп жатышат», — деди Байказы Айтикул уулу.

30 Июнь 2026 жыл 15:04
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча