Мэрия жарым жолдон бүтүп калган тротуарды жеринен карап, көчмө жыйын өткөрөт

Бишкек мэриясы эртең, 8-июлда үйдүн дубалына такалып, үзүлүп калган тротуарды барып, жеринен карап, көчмө жыйын өткөрөт. Бул тууралуу  муниципалитеттен билдиришти.

Ал видео «Келечек» жаңы конушунда тартылган.

Мэриянын Жер пайдаланууну контролдоо башкармалыгы жарандарга тоскоолдук жараткан үй ээлерине билдирүү баракчасын берди.

«Келечек көчөсү, 1 б дарегинин жашоочусу  С.М.Т. Башкармалыктын кабыл алуусунда болду. Эртең көчмө жыйын өтөт», — дейт мэрия.

5 Июль 2024 жыл 20:37

Тема боюнча