МИК көп кабаттуу үйдүн лифтиндеги мүчүлүштүк боюнча түшүндүрмө берди

Бир катар маалымат каражаттары Бишкек шаарында Мамлекеттик ипотекалык компания салган үйлөрдүн биринде лифттин тросу үзүлүп кетип, бир кишини «Тез жардам» алып кеткенин жазып чыгышты.

Мамлекеттик ипотекалык компаниянын басма сөз кызматы бул окуя Маликов көчөсүндөгү “Мурас” турак жай комплексинде болгонун ырастап, бул боюнча бардык жоопкерчилик лифтти орноткон Hyundai Elevators компаниясында экенин билдирди.

“Бул турак үйлөргө лифттерди орноткон Hyundai Elevators компаниясы бир жылдык кепилдик берген. Ошол себептүү техникалык мүчүлүштүктөр жана лифтке байланыштуу мүмкүн болгон көрүнүштөр орнотуучу компаниянын жоопкерчилигинде”, — деп жазды МИКтин басма сөз кызматы.

Hyundai Elevators компаниясынын басма сөз кызматы бул окуяда “лифттин тросу үзүлүп кетти” деген кабарды четке кагууда. Лифттин коопсуздук системасы анын тросунун үзүлүп кетишине жол бербей турганын, тейлөө борбору окуя болгондон кийин техникалык кароо маалында тростун үзүлбөгөнү далилденгенин билдирди.

“Лифт бир нече секундга токтоп калды. Өчүп калуу, системанын иштебей калганы, тростун үзүлгөнү далилденген жок. Бул кырдаалда жүргүнчүлөргө эч кандай коркунуч жараткан эмес. Болгону кабинада сырт көрүнбөй, туюк абалда турган адамга ылдамдык тездеп кеткендей туюлат”, — деп жазылган компаниянын түшүндүрмөсүндө.

3 Сентябрь 2025 жыл 9:17
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча