Транспорт жана коммуникациялар министри Тилек Текебаев Ысык-Көлдө жол оңдоп жаткан жолчуларды урушту. Бул тууралуу видео министрдин Фейсбук баракчасына жарыяланды.
Ал курулуш ишинин кечеңдеп жатканына нааразы болгон. Ошондой эле Текебаев жумушчуларга ишти эрте баштоо керектигин айтып, урушкан.