Мурдагы Акыйкатчы «Сезим» кризистик борборунун аткаруучу директору болуп дайындалды

Мурдагы Акыйкатчы Атыр Абдрахматова «Сезим» кризистик борборунун аткаруучу директору болуп дайындалганы маалым болду.

Ал үч баскычтуу ачык сынактын жыйынтыгы менен уюмдун мүчөлөрүнүн жалпы жыйынында шайланды.

Ал эми Бүбүсара Рыскулова “Сезим” борборунун ардактуу  президенти болуп калат жана  коомдук коргоочу катары гендерлик теңчилик, адилеттүүлүк, аялдар
менен жаш балдардын коопсуз жашоо чөйрөсүн бекемдөөгө багытталган иштерин улантат.

«Сезим» кризистик борбору үй-бүлөлүк зомбулукка кабылган аялдарга жана балдарга ар тараптуу жардам көрсөтүп келет.

13 Май 2024 жыл 17:59
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча