Мыйзамсыз 19 токтом чыгарган бажы кызматкери айыпка жыгылды

Бажы органынын кызматкери укук бузуу фактысы үчүн айыпка жыгылды. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан билдиришти.

Башкы прокуратура жүргүзгөн текшерүүдө Мамлекеттик бажы кызматы тарабынан «А» ишкердик субъектисине карата бажы декларациясын берүү мөөнөтүн бузгандыгы үчүн ар бир учур боюнча 5 000 сом өлчөмүндө айып салуу жөнүндө 19 токтом чыгарылгандыгы аныкталды.

Аталган токтомдор мыйзамда белгиленген жаза чарасын колдонуунун эскирүү мөөнөтү өткөндөн кийин чыгарылган.

Текшерүүнүн жыйынтыгында Башкы прокуратура тарабынан Мамлекеттик бажы кызматынын кызматкерине карата укук бузуу боюнча өндүрүш иши козголуп, соттун чечими менен ал 10 миң сом өлчөмүндө айыпка тартылып, мыйзамсыз чыгарылган 19 токтом жокко чыгарылды.

16 Октябрь 2025 жыл 17:24
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча