Кечээ, 18-сентябрь күнү Бишкек шаарынын 7-кичи районунда белгисиз киши 9 жаштагы окуучу кыздын артынан үйүнө чейин аңдып барган. Кыз үйүнө кирип кеткен соң, ал аркага кайткан.
Бул тууралуу Октябрь РИИБнын маалымат кызматынан кабарлашты.
Окуя тууралуу кыздын ата-энеси бүгүн, 19-сентябрда Октябрь РИИБге арыз менен кайрылган. Бул окуя РИИБге катталып, тергөөгө чейинки текшерүү иштери башталды.
Учурда тергөө иштери уланууда.