ОСАГО: Жол кырсыгына кабылган айдоочу 150 миң сом кенемте алды

Жол кырсыгына кабылган айдоочуга 150 миң сом кенемте төлөндү. Бул тууралуу Мамлекеттик камсыздандыруу уюмунан билдиришти.

Маалыматка ылайык, бул окуя ОСАГО полисинин канчалык пайдалуу жана маанилүү экенин дагы бир жолу далилдейт.

«ОСАГО жолдогу коопсуздукту коргоп, күтүлбөгөн чыгымдардан сактайт. Төлөм алган жаран уюмга ыраазычылык билдирип, ОСАГО полиси жок айдоочуларды автоунааларын камсыздандырууга чакырды», — деп айтылат маалыматта.

Белгилей кетсек, Кыргызстанда 2025-жылдын 1-сентябрынан тартып «Унаа ээлеринин жарандык-укуктук жоопкерчилигин милдеттүү түрдө камсыздандыруу жөнүндө» мыйзам (ОСАГО) толугу менен күчүнө кирген. Буга байланыштуу өлкөдө ОСАГО полисин милдеттүү түрдө алуу керек. Тиешелүү камсыздандыруу полиси жок жүргөн айдоочуларга карата Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгы тарабынан төмөндөгүдөй айып пул салынат:

  • жеке жактар үчүн – 3 000 сом;
  • юридикалык жактар үчүн – 13 000 сом.

Бул чаралар жол коопсуздугун камсыз кылуу, жол кырсыктарынын кесепеттеринен жапа чеккен жарандардын укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоо максатында көрүлүүдө.

Маалымат үчүн: ОСАГО жөнүндө мыйзам 2025-жылдын 1-январында күчүнө кирген. Бирок жарандарды маалымдоо жана даярдоо максатында, 1-июлга чейин айып пул салуу токтотулган. Андан соң, 1-июлдан тарта кошумча эки айлык мөөнөт менен берилген. Бул мөөнөт 2025-жылдын 31-августунда жыйынтыкталды.

Эми мөөнөт артка жылдырылбайт.

21 Январь 2026 жыл 15:12
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча