Ошто шаар күнүнө карата TURKSEN 3 эл аралык профессионалдык бокс турнири өтөт.
Муниципалитеттен билдиришкендей, мелдеш ТҮРКСОЙ эл аралык уюмунун колдоосу менен уюштурулат.
Бүгүн шаар мэри Жанарбек Акаев Кыргыз профессионалдык бокс лигасынын президенти Шайлообек Атазов менен жолугуп, уюштуруу маселесин талкуулашты.
Турнирге түрк дүйнөсүнүн өлкөлөрүнөн жана башка мамлекеттерден белгилүү профессионал мушкерлердин катышуусу күтүлүүдө. Ошондой эле мелдешке дүйнөнүн жети жолку чемпиону, кыргызстандык белгилүү мушкер Орзубек Назаров катышат.
Жолугушууда шаар мэри эл аралык мелдештин Ошто өткөрүлүшү шаардын эл аралык аренадагы аброюн жогорулатып, аны спорттук борбор катары таанытууга өбөлгө түзөрүн белгиледи.
Шайлообек Атазов алдыдагы турнир профессионалдык бокс күйөрмандары үчүн чоң спорттук майрам болорун айтып, программада кызыктуу жана курч беттештер орун аларын билдирди.
Турнир Ош шаарында өтө турган ири спорттук иш-чаралардын бири болмокчу.