Ошто эт туурагычка колу кыпчылып калган жаран куткарылды

Ошто эт туурагычка колу кыпчылып калган жаран куткарылды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, бүгүн Ош облустук ооруканасында 2006-жылы туулган Д.М. аттуу жаран эт туурагычка колун кыпчып алгандыгы тууралуу билдирүү ӨКМдин 112 кызматына түшкөн.

Кырсык болгон жерге Ош шаардык Куткаруу кызматынан 4 куткаруучу тартылып, атайын шаймандардын жардамы менен жабырлануучунун колун эт туурагычтан чыгарып, дарыгерлерге өткөрүп беришти.

Жабырлануучу учурда медицина кызматкерлеринин көзөмөлүндө.

2 Сентябрь 2025 жыл 13:38
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча