Президент Садыр Жапаров Сауд Аравия Падышалыгына болгон жумушчу сапарынын алкагында Мединадагы Масжид Ан-Набавиге (Мухаммед пайгамбардын мечити) барды.
Мамлекет башчысы Масжид Ан-Набавиде намаз окугандан кийин, Садыр Жапаровго Мухаммед пайгамбардын (САВ) сөөгү коюлган жерге кирүүгө жол ачышты.
Президент Садыр Жапаров кыргыз элинин бакубат жашоосун жана өлкөнүн гүлдөп-өнүгүшүн тилеп, дуба кылды.
Аль-Масжид ан-Набави (Пайгамбардын Мечити) — Сауд Аравиянын Медина шаарындагы эң чоң мечити жана Меккедеги Ыйык мечиттен кийинки эле исламдын экинчи ыйык жери. Дүйнөдөгү экинчи ири мечит жана Пайгамбардын (САВ) сөөгү коюлган жери болуп саналат.