Сокулукта ири өлчөмдөгү алдамчылыкка шектүү жаран колго түштү

Сокулук районунда ири өлчөмдөгү алдамчылыкка шектүү жаран колго түшүрүлдү. Бул тууралуу Чүй облустук милициясы билдирет.

Маалыматка ылайык, үстүбүздөгү жылдын 11-апрелинде Сокулук райондук милициясына Р.А. аттуу жаран арыз менен кайрылган. Жабырлануучунун арызында үстүбүздөгү жылдын 15-февралында чала таанышы анын ишенимине кирип, баасы 3 853 000 сомду түзгөн төмөнкү мал жандыктарын карызга алып кеткендиги айтылган:

  • 39 баш кой;
  • 1 баш эгиз козусу менен «Арашан» тукумундагы кой;
  • 1 баш 5 жаштагы карагер түстөгү айгыр.

Андан соң шектүү убада кылган акчасын төлөбөй, уюлдук телефонун өчүрүп, изин жашырып жүргөн.

Бул факты боюнча КР Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренеси (Алдамчылык) негизинде кылмыш иши козголгон. Милиция тарабынан шектүү катары 1984-жылы туулган Ж.Н. аныкталып, кармалды. Ал Кылмыш-жаза процессуалдык кодексинин 96-беренесине ылайык, убактылуу кармоочу жайга киргизилди.

Учурда шектүүнүн Чүй облусунун аймагында ушул сыяктуу башка кылмыштарга катыштыгы бар-жогу текшерилүүдө. Тергөө амалдары уланууда.

«Эгерде сүрөттөгү же аталган жарандын аракеттеринен жабыркагандар болсо, төмөнкү номерлер аркылуу байланышууну суранабыз: 📞 0313 45 33 80 же Сокулук РИИБге кайрылыңыздар», — деп айтылат маалыматта

13 Апрель 2026 жыл 12:11
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча