Сот Олжобай Шакирдин камалышын мыйзамдуу деп тапты

Бүгүн, 13-сентябрда Бишкек шаардык соту жазуучу, публицист Олжобай Шакирдин камакка алынышы боюнча ишти карап, аны кармалышын мыйзамдуу деп таап, баш коргоо чарасын кароону башка күнгө калтырды.

24-августта Биринчи Май райондук соту баш коргоо чарасын карап, эки айга камакка алуу чечимин чыгарган.

25-августта УКМКнын басма сөз кызматы Олжобай Шакирге Кылмыш-жаза кодексинин 278-беренеси (массалык башаламандыктар) менен иш козголгонун маалымдаган.

13 Сентябрь 2023 жыл 16:42

Тема боюнча