Түндүк-Түштүк унаа жолу тазаланып, бир тараптуу каттам берилди

Түндүк-Түштүк альтернативдик унаа жолуна түшкөн кар көчкү тазаланып, бир тараптуу каттам берилди. Бул тууралуу “Кыргызавтожол-Түндүк” ишканасынын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, №18 Жол тейлөө мекемеси тарабынан атайын техника тартылып, тазалоо иштери уланууда.

Эске салсак, 12-февралда Түндүк–Түштүк альтернативдик унаа жолунун Арал–Казарман тилкесинде (243–296-чакырымы) кар көчкү түшкөн. Буга байланыштуу жол эки тараптуу жабылган.

16 Февраль 2026 жыл 9:37
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча