Таластын Кең-Арал айылында 140 орундуу бала бакча курулууда

Талас облусунун Бакай-Ата районуна караштуу Кең-Арал айылында заманбап 140 орундуу бала бакчанын курулушу башталды.

Курулуш министрлигинен билдиришкендей, долбоор республикалык бюджеттин эсебинен каржыланууда. Объекттин жалпы наркы 101 миллион сомду түзөт.

Жалпы аянты 1397 чарчы метрди камтыган эки кабаттуу имарат бардык заманбап талаптарга жооп берет. Учурда курулуштун пайдубалы куюлуп, кийинки иштерди улантуу этаптарына өткөрүлдү.

Бул долбоор аймактагы социалдык инфраструктураны өнүктүрүүгө багытталат.

19 Сентябрь 2025 жыл 11:58
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча