Улуттук коопсуздук комитетинин (УКМК) төрагасы Камчыбек Ташиев 20-июлда өкмөттүн жыйында уюшма кылмыш топторуна каршы күрөш дагы күчөтүлөрүн билдирди. Ал мындай топтордун башчыларына кайрылып, өлкөдөн чыгып кетүүгө чакырды.
«Кыргызстаныбызда эч кандай уюшма кылмыш топтору, бандиттер, рэкеттер жана бизнеске кол салуу болбойт. Уюшкан кылмыш топтору толугу менен жоюлат. Менин сөздөрүмдү жөнөкөй эле жарандар эмес, уюшкан кылмыш топтору, бандиттер дагы угуп отурса керек. Урматтуу президентибиздин койгон тапшырмасы — Кыргызстанда эч кандай уюшкан кылмыштуу топ болбойт. Уюшкан кылмыштуу топтордун жетекчилери, эгер Кыргызстанда тынч жашай албасаңар, анда өлкөдө чыгып кеткиле. Эгер мындай топтун Кыргызстандан чыкпаган жетекчиси болсо ал жазаланат, эркиндикте жүрбөйт. Мен муну жоопкерчиликтүү түрдө айта алам»,-деди Ташиев.