18-марттан 23-мартка чейин туруксуз аба ырайына байланыштуу Кыргызстандын тоолуу райондорунда жана негизги унаа жолдорунда кар көчкү түшүү коркунучу бар.
Буга байланыштуу Кыргызгидромет кызматы төмөнкү жолдордо жүрүүдө сак болууну эскертти:
Бишкек – Ош унаа жолунун 198-255-чакырымдарындагы Ала-Бел ашуусу, Чычкан капчыгайында;
Мырза-Аке – Кара-Кулжа – Алайкуу жолунун 55-115-чакырымдарында;
Бишкек – Нарын – Торугарт унаа жолунун 292-305-чакырымдарындагы Долон ашуусунда;
Каракол – Эңилчек унаа жолунун 45-90-чакырымдарындагы Чоң-Ашуу ашуусунда;
Балыкчы – Казарман – Жалал-Абад унаа жолунун 201-205, 260-290 жана 326-349-чакырымдарындагы Көк-Арт ашуусуда.
Унаалардын ортосунда 500 метр аралык кыймыл чектелиши зарыл.