Талас районунун тургунунун үйүндө чыккан өрттү өчүрүүгө “Альянс Алтын” ишканасынын куткаруучулар тобу жардам беришти.
25-август күнү кечинде Талас облусунун Манас районундагы конуштардын биринде өрт чыккан.
Окуя болгон жерге өрткө каршы бөлүм жөнөтүлгөн. Өрттү өчүрүүгө 1 өрт өчүрүүчү унаа 4 адамдан турган бригада жана «Альянс Алтын» ишканасынын кызматкерлери тартылган.
Өрт-куткаруу кызматынын ыкчам жана натыйжалуу кийлигишүүсүнүн аркасында өрттүн андан ары жайылышына бөгөт коюлду. Өрт чарбалык имараттын бир бөлүгүн жабыркатып, болжол менен 300 чарчы метр аянттагы куураган чөп күйгөн.