Ырчы Улукманапо (Улукман Осмоналиев) 65 жаштагы карыяга кол көтөрдү деп шектелүүдө.
Маалым болгондой, 28-августта саат 16:30 чамасында ырчы 2 жашар баласын ээрчип Бишкектеги бала бакчалардын бирине кирген.
Күзөтчү эгер бала ооруса, инфекция башка бөбөктөргө өтүшү мүмкүн экенин түшүндүргөн. Натыйжада бала бакчанын 65 жаштагы күзөтчүсү Б.Д. менен 33 жаштагы У.О. ортосунда чыр чыккан.
Бул факт Ленин райондук милициясында катталып, учурда текшерүү иштери жүрүүдө.