Ысык-Көлдө баллон теплоходго урунуп, 2 адам көз жумду

Ысык-Көлдө баллон теплоходго урунуп, эки адам көз жумду. Бул тууралуу Ысык-Көл облустук милициясынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 23-июлда саат 16:30 чамасында Чолпон-Ата шаарында жайгашкан эс алуучу жайларынын биринде суу оюн-зоок кызматын көрсөткөн моторлуу кайыктын айдоочусу көлдүн үстүндө балон сүйрөтүп бара жатып, теплоходго урунган. Натыйжада, үч адам денесинен жаракат алып, оор абалда Чолпон-Ата шаарынын райондук ооруканасына жеткирилген.

Жабыркаган үч адамдын экөөсү алган оор жаракаттардан оорукананын жандандыруу бөлүмүнөн ошол эле күндүн түн чамасында көз жумуп, үчүнчү жабырлануучу хирургия бөлүмүнө жаткырылган.

Ысык-Көл РИИБнин кызматкерлери тарабынан кылмышка шектүү кармалып, алдын ала суракта шектүү өз күнөөсүн толугу менен мойнуна алган.

Учурда тийиштүү соттук медициналык экспертизаалар дайындалып, тергөөгө чейинки текшерүү иштери улантылууда.

25 Июль 2023 жыл 13:59
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча