Баткен районундагы жаңы Достук айылынын тургундарына 181 заманбап турак үй курулуп берилди. Бул тууралуу министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары – УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев Баткен облусуна иш сапары менен барган учурда белгилүү болгонун, Region телеканалы билдирди.
Анда белгиленгендей, Достук айылы үчүн жалпы 57 гектар жер тилкеси бөлүнүп берилген. Учурда тургундар толугу менен жаңы үйлөргө көчүп келип, жашоосун улантууда.
Иш сапардын алкагында Камчыбек Ташиев ошондой эле жергиликтүү тургундар менен жолугуп, алардын күнүмдүк тиричилиги, социалдык абалы жана инфраструктурага байланыштуу көйгөйлөрү боюнча пикирлерин укту.