Жер мунапысы: Бишкекте жарандардын арыздары каралууда

Бишкекте жер мунапысынын алкагындагы иштер үзгүлтүксүз улантылууда. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Жеке турак жай курулуш жана шаар куруу департаменти райондук администрациялар жана тиешелүү органдар менен биргеликте жер мунапысына туш келген объектилер боюнча иштеп жатат.

Ленин районунда 214 арыз жактырылды, 97 материалды коомдук билдирүүгө чыгаруу жөнүндө чечим кабыл алынды, ошондой эле беш материал тиешелүү корутунду берүү үчүн Бишкек шаар куруу жана архитектура башкы башкармалыгына жөнөтүлдү.

Жарандар тарабынан берилген арыздын негизинде 417 материалды кароодон баш тартуу чечими кабыл алынды.

30 Март 2026 жыл 14:10
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча