18 жаштагы кыз өлтүрүлгөн. Жыйырмага чыга элек эки эркек бала кармалды

Кара-Суу районундагы 18 жаштагы кыздын өлүмүнө шектелип жыйырмага чыга элек эки эркек бала кармалды. Бул тууралуу Ош облустук ички иштер башкармалыгы маалымдады.

25-апрелде милицияга Отуз-Адыр айылынын 2007-жылы туулган А.А. аттуу жашоочусу белгисиз адамдар келтирген жаракаттарынан улам каза болгону боюнча билдирүү түшкөн. Милиция «Адам өлтүрүү» беренеси менен иш козгогон.

«Шектүүлөр – Кара-Суу районунун 18 жаштагы Ж.С. жана Жалал-Абад облусунун 16 жаштагы туулган А.Б. аттуу жашоочусу изи сууй электе кармалышты. Экспертизалар дайындалып, тергөө уланууда», — деп айтылат маалыматта.

26 Апрель 2025 жыл 19:16
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча