+34 градуска чейин ысыйт. 13-майга күтүлгөн аба ырайы

Эртең, 13-майда өлкөнүн көпчүлүк аймактарында күн ачык болот. Ысык-Көл, Нарын облустарынын тоолуу аймактарында түндө жаан-чачын болушу ыктымал.

Абанын температурасы:

Чүй аймагында түнкүсүн +12…+17, күндүз +28…+33;

Талас дубанында түнкүсүн +10…+15, күндүз +27…+32;

Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн +12…+17, күндүз +29…+34;

Ысык-Көл өрөөнүндө түнкүсүн +5…+10, күндүз +19…+24;

Нарында түнкүсүн +2…+7; күндүз +18… +23.

Ал эми борбор калаа Бишкекте түнкүсүн +14…+16, күндүз +30…+32 градус болот.

12 Май 2025 жыл 21:37
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча