“Акылбек Үсөнбекович тың болчу”. Депутат өкмөттү сынга алды

Жогорку Кеңештин депутаты Балбак Түлөбаев Министрлер кабинети депутаттар жиберген каттарга убагында жооп бербей жатканын айтып, өкмөттү сынга алды.

Ал парламенттин 23-апрелдеги жыйынында мындан ары депутаттардын каттарына министрдин колу жок жооп келсе кабыл албай коюуну сунуштады.

“Акылбек Үсөнбекович тың болчу. Депутаттардын катына бат-баттан жооп берип турчу. Азыркы премьер-министрге жетип, Ысык-Көлдү айланып келгиче канча убакыт өтөт. Бир кат жаздык эле жооп жок. Депутаттын жазган катына жооп берип койсо жакшы болот эле. Акылбек Үсөнбекович дароо жооп берип, чечкиндүү болчу”, — деди ал.

23 Апрель 2025 жыл 13:02
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча