“АЛЬЯНС АЛТЫН” КОМПАНИЯСЫНЫН АЛТЫН ЧЫГАРУУЧУ ФАБРИКАСЫ ИШКЕ КИРГЕНИНЕ 5 ЖЫЛ ТОЛДУ

«Альянс Алтын» компаниясынын алтын чыгаруучу фабрикасы ишке киргенине 5 жыл толду. Бул убакыт аралыгында ишкана өлкө экономикасына олуттуу салым кошуп, заманбап технологияларды киргизүү, өндүрүш коопсуздугунун жогорку стандарттарын сактоо жана туруктуу иш алып баруу менен айырмаланды.

Компаниянын маалыматына ылайык, ишмердүүлүк жүргүзгөн жылдар ичинде Кыргыз Республикасынын бюджетине болжол менен 45,6 млрд сом которулуп, бул өлкөнүн экономикасынын өсүшүнө жана аймактардын өнүгүшүнө чоң салым болду.

Жетишилген ийгиликтердин негизинде кызматкерлердин кесипкөйлүгү, жоопкерчилиги жана жамааттын биримдиги турганы белгиленет. Ишкананын туруктуу иштеши жаңы жумуш орундарын түзүүгө, инфраструктураны өнүктүрүүгө жана өнөр жай тармагын бекемдөөгө шарт түзүп келет.

Алтын чыгаруучу фабрика 2020-жылы ишке берилген жана бүгүнкү күндө өлкөдөгү маанилүү өнөр жай объектилеринин бири болуп эсептелет.

BIA.KG «Альянс Алтын» компаниясынын жамаатын өндүрүштүк мааракеси менен куттуктап, мындан ары да ийгиликтерди, туруктуу өсүштү жана жаңы жетишкендиктерди каалайт.

17 Март 2026 жыл 18:29
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча