Талас шаарындагы медициналык колледж 70 жылдык тарыхында алгачкы ирет толук капиталдык оңдоодон өттү. Бул иштер «Альянс Алтын» өнүктүрүү фондунун колдоосу менен ишке ашты.
Фонддун байкоочу кеңешинин чечими менен колледжди оңдоого 3 миллион 550 миң сом бөлүнгөн. Бул каражатка окуу жайдын имаратынын сырты капиталдык оңдоодон өткөрүлүп, жаңы тосмолор орнотулду.
Окуу жылы жаңы шартта башталып, мугалимдер менен студенттер заманбап жана ыңгайлуу имаратта билим алууга мүмкүнчүлүк алышты.
Колледждин жетекчилиги жана жергиликтүү тургундар фондго ыраазычылыгын билдиришип, бул демилге жаштардын билим алуусуна чоң салым болорун белгилешти.
“АЛЬЯНС АЛТЫНДЫН” КОЛДООСУ МЕНЕН ТАЛАС МЕДИЦИНАЛЫК КОЛЛЕДЖИ 70 ЖЫЛДАН КИЙИН КАПИТАЛДЫК ОҢДООДОН ӨТТҮ